Капчыгай. Кайрадан муктаждыктарды аныктоо

Капчыгай. Кайрадан муктаждыктарды аныктоо

Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун 1В кичи компонентинин алкагында 2022-жылдын май айында Капчыгай айылында онлайн добуш берүүнүн жыйынтыгында «Капчыгай айылына эс алуу жайын жана балдар оюн аянтчасын куруу» кичи долбоору тандалган. 2022-жылдын ноябрь айында АРИСке Ак- Сай АӨ башчысы жана ИАС-КВ төрагасы кат менен кайрылышкан. Кайрылууда, 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрүндөгү тажик-кыргыз чек арасындагы орун алган окуяларга жана бүгүнкү күндөгү Капчыгай айылындагы түзүлгөн абалга байланыштуу тандалган чакан долбоор маанилүүлүгүн жоготкондугун билдиришкен. Ошого байланыштуу коомчулуктун пикирин жана бүгүнкү күндөгү муктаждыкты эске алуу менен, атайын техника сатып алууга уруксат сурашкан. Долбоор тарабынан сураныч канааттандырылган. ❗Катты бул шилтеме аркылуу окусаңыз болот 👉 http://rep.aris.kg/EReports/000068300/ 🔴 Капчыгай айылынын тургундарынан сын-пикирлерин алуу үчүн, онлайн талкуу өткөрүлдү, анда жүрүшүндө 205 адам чечимди колдоп, артыкчылыкты өзгөртүүгө добуш беришти.

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information